«Нур Баткен» футболдук клубунун эки футболчусу каза болду

0
292

2022-жылдын 20-январь күнү жаш футболчулар  Асад Алимов жана  Жахонгир Махмудов, жол кырсыгынан улам каза болушту. Спортчулар Ош шаарын көздөй баратып, Баткен-Ош-Ноокат жолунда,  жол кырсыгына кабылышкан.Бул тууралуу Ош шаардык жол кайгуул кызматынан билдиришти.

Жаш спортчулар «Алай» футбол клубунун тарбиялануучулары болгон.  Алар «Нур Баткен» футболдук клубу менен жаңыдан келишим түзгөн болчу. Алар алдыда  Өзбекстан Республикасында өтүүчү эл аралык турнирге катышмак.

Бул суук кабарды жалпы коомчулук терең кайгыруу менен кабыл алды, көпчүлүк коомдук тармактарда алардын жакындарына көңүл айтып жатышат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here