Баткенде Өзбекстандан идиш-аяктарды мыйзамсыз алып келген эки жаран карамалды

0
1509

Бул тууралуу мамлекеттик бажы кызматы билдирди.

Бажы көзөмөлүн жүргүзүүдө Баткен бажы кызматкерлери «А.Д.А.» жарандын башкаруусундагы «Mercedes-Benz 1828» үлгүсүндөгү унааны токтотуп, текшерүүгө алышкан. Текшерүү учурунда эч кандай жүк коштоочу жана бажы документтери жок жалпы салмагы 804,9 кг түзгөн «идиш-аяктар» табылган. Кармалган товардын жалпы орточо базар баасы 298 миң сомду түзгөн.

Ушул сыяктуу эле идиш-аяктарды мыйзамсыз ташып келүү фактысы Баткен районунунда «Х.У.Р.» башкаруусундагы «OPEL ASTRA» маркасындагы унааны текшерүү учурунда аныкталган.

Жүктүн жалпы салмагы 401,1 кг түзгөн, ошондой эле эч кандай товар коштоочу документи жок кездемелер дагы табылган. Кармалган товардын жалпы орточо базар баасы 145 564 сомду түзгөндүгү айтылат маалыматта.

Чогултулган материалдар Баткен облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилди.       

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here