Баткенде мыйзамсыз жер ээлеген 6 адамга эскертүү берилди

0
2412

Баткен районунунда өзүм билемдик менен ээлеп алган ар кандай курулуштар,  жерлер мыйзам чегинде бошотулууда. Бул тууралуу райондук бийликтен кабарлашты.

Маалыматка караганда, район аймагында  мыйзамсыз деп табылган курулуштардын ээлерине  эскертүү берилген.

Анын ичинен айрымдары билдирүүнүн талаптарын аткарып, өз каалоолору менен куруп алган кошумча курулуштарын, тосуп алган тосмолорун  бузуу иштерин жүргүзүшүүдө.

Ал эми ушуга чейинки берилген билдирүүнүн талаптарын аткара элек жашоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүүлөр берилип жатат. 

Баткендин Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Зарташ айылында жергиликтүү тургун тарабынан мыйзамсыз курулушу токтотулган.

Белгилей кетсек, район аймагында мыйзамсыз жер ээлеген 6 адам бар.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here