Баткенде 1750 мугалим биринчи психологиялык жардам көрсөтүү боюнча окутуудан өтөт

0
358

Президенттин Баткендеги өкүлү Абдикарим Алимбаев Юнисефтин Кыргызстандагы өкүлү Самман Жунг Тапа менен жолукту. 

Бул тууралуу облустук бийликтин басма сөз катчысы билдирди.

Жолугушууда тараптар алдыдагы социалдык долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн талкуулап, кызматташтыктын мындан ары да чыңдалышына ишеничин билдиришти.

Белгилей кетсек, буга чейин  макулдашылган пландарга ылайык, 2025-жылга чейинки аралыкта, кызамык оорусунун алдын алууга өзгөчө көңүл бурулат. 

Эл арасында эмдөөнүн зарылчылыгы тууралуу түшүндүрүү иштери активдешет.  186 саламаттыкты сактоо кызматкерлери окутуудан өтөт, 5 мобилдик топ түзүлүп иш алып барылат.

Ал эми билим берүү тармагы боюнча, 1750 мугалим биринчи психологиялык жардам көрсөтүү боюнча окутуудан өтөт — деп айтылат маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here