Автоунаа уурдап качкан жаран кармалды

0
295

Исфана шаарынын 36жаштагы тургуну “Ваз 2106” үлгүсүндөгү автоунаасын токтотуп борбордук базарга кирип чыкканча, автоунаасын белгисиз адам тарабынан уурдалып кеткендигин билдирип, милицияга арыз менен кайрылган.

Бул арыз Лейлек РИИБнин КЖБРне КРнын Жазык кодексинин 206-беренеси (Автотранспорт каражаттарын айдай качуу) менен катталып, сотко чейинки өнедүрүш иши башталган.

Лейлек районунун аймагында жүрүп жаткан “Укук, тартип” иш-чарасынын алкагында, милициянын уполномоченныйлары уурдалган автоунааны урулган абалда Исфана шаарынын Т.Эрназаров көчөсүнөн таап, аны айдап качкан Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын 39жаштагы М.З. аттуу жаранын аныктап кармашкан.

Азыркы күндө тергөө иштери улантылып, кармалган жаран убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

 

 

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here