«ВИЧ/СПИДди дарылоо жакшы натыйжа берүүдө»

0
799

Жыл сайын СПИД оорусу менен ооруган жарандардын саны өсүп жатканы, коомчулукка жашыруун эмес. Дүйнөнүн глобалдык маселесине айланган бул көйгөй менен күрөш, Баткен аймагында кандай жүрүп жатат, оорулуулардын жашоосу, аларга түзүлгөн шарттар, коомчулуктун бул маселеге көз карашы өзгөрүп жатабы? Бул багытта биз, Баткен Облустук Спидке каршы күрөшүү борборунун диспансердик көзөмөлдөө жана дарылоо бөлүмүнүн башчысы Файзиниссо Юсупова менен маектештик. Дарыгер айым бизге алгач, анын дарылануусунда жүргөн жаш келиндин жашоосунун жакшы жакка өзгөргөндүгүн кубануу менен айтып берди.

ВИЧ менен ооруган эне дарыланып дени сак бала төрөдү

ВИЧти жуктуруп алган, 30 жаштагы жаш келиндин окуясын, анын өзүнүн сөзү менен айтып берейин.

Алгач күйөөм өзүнүн ВИЧ менен ооруп калганын билген соң, мени да текшерүүдөн өтүүгө ынандырды. Балким, терс жыйынтык чыгышы  мүмкүн деп үмүттөндүк. Ошентип текшерүүгө бардым. Ошондо мен мындай күтүүсүз психологиялык соккуну өмүрүмдө биринчи жолу алдым. Сүйүктүүм мага тартуулаган, ойго келбеген сокку болду. Эмне кылаарымды, ким менен бөлүшөөрүмдү, кантип жашашымды билбей калдым. Жолдошума таяна албадым, анткени ал өзүнүн көйгөйү менен убара экенин билем. Ошентип мен өзүмдүн статусумду 2020-жылдын башында  билдим.

Көпкө чейин жолдошум экөөбүз депрессияда болдук,бул  азаптуу күндөрдү  өзгөртүүгө аракет кылып,  диспансердик бөлүмдүн дарыгеринде кабыл алууда болуп, дарыланууну чечтик. Ал жерден биз дарылар салынган жеңил кутулар менен кеттик, бирок жан дүйнөбүздө  түшүнүксүз, оор жүк бар эле. Жашагым келген жок. Күйөөмдү карагым да келген жок. Балдарымдын анализдеринин жыйынтыгы кандай болот экен деген ой мени кыйнап жатты. Акыркы күчүмдү топтоп, балдарды текшерүүгө алып келдим. Терс тесттин жыйынтыгы балдар үчүн жашоого үмүт берди. АРВ терапиясын алганга көнүп калдым, убакыт акырындап өтүп жатты. Эл билбесин деп,жашырынып, Спид Борборунун диспансердик бөлүмүнө барып жаттык. Бирок менин абалым тууралуу ойлор мени кыйнап жатты. Анан мен жергиликтүү психиатрга кайрылдым, статусумду айтпадым. Анын дарыларын ичкенден кийин да өзгөрүүнү сезбедим.  Эч нерсеге каалоо жок болду.  Ошентип психиатрдын дарылоосу үзгүлтүккө учурады.Бир жумадан кийин мен интернеттен, статусу бар адамдардын жашоосун изилдедим.  Ошондо биринчи жолу ушул сыяктуу учурларда  психолог жана психологдун жардамы тууралуу билдим. Ош шарына барып, психологго  жолугуп келдим. Менин жашоом кескин өзгөрдү. Акырындык менен салмак коштум, жашоодо эртеңкиге болгон ишеним пайда болду.Бул убакыттын ичинде АРВ терапиясынын фонунда талап кылынган анализдеримдин  көрсөткүчтөрү жакшырды. Организмде вирустун кескин төмөндөгөнүнөн, мен кош бойлуулукту пландадым.  Борбордун дарыгерлеринин көзөмөлүндө 2021-жылда  дени сак кыз  төрөдүм, төрөт үйүндөгү ПЦР анализинин жыйынтыгы терс чыкты.  Мен аябай кубандым. АРВ (вируска каршы дарылануу) терапиясынын барына ыраазымын. Дарыгерлердин колдоосуна кубанычтамын, акыры менин үй-бүлөмдө тынчтык, ишеним жана балалыктын үнү өкүм сүрүп жатканына бактылуумун.            ВИЧ-инфекциясын жуктурбайм деп эч ким өзүнө кепилдик бере албайт. Ушундай жаман окуя  болгондон кийин, көңүлдү чөгөрбөө керек.  Жан дүйнө тынчтыгы үчүн психологго кайрылыңыз. Өзүңүздү бекем кармап, дарыланууга чуркоо керек. Бул сиздин ден соолугуңуз.  Бир жарым жылдан ашык убакытта, жакшы адамдардын жардамы менен психолог адистигин окуп, сертификат алдым.Сабырдуулук, эркин ой жүгүртүү, эркттүүлүк жана  стресске каршы туруу, өзүн өзү башкаруу сыяктуу сапаттарга ээ болдум. Ушундай психологдун сапаты  менен, үй-бүлөлүк жашоого, балдардын келечегине ишенимдүү карай баштадым. Эми мен келечегим үчүн коркпойм.Убагында жогорку билим албасам да, азыр минтип психолог адистигине ээ болдум. Жолдошумдун да саламаттыгы жакшы, ал ийгиликтүү ишкер.

Жашоодогу урааным: дүйнөдө сени ылдыйга сүйрөй турган же чокуга тарта турган бир гана адам бар — сен өзүң дейт, каарманыбыз.

Акыркы 5 жылдан бери ВИЧ/СПИД энеден балага өткөн учурлар катталган жок

ВИЧтин энеден балага өтүүсүнүн алдын алуу боюнча аракетибиздин натыйжасы жакшы. Биз ВИЧ  инфекциясы  менен   жашап жаткан жаш үй бүлөлүү  келиндерди кокустан кош бойлуу болуп калбоо, дарыланып, пландап балалуу болуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келебиз. Алар толук дарыланып, тешерүүдөн өтүп, организиминде вирустун көрсөткүчтөрү төмөндөгөн учурда, кош бойлуулукту пландап, такай дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, жыйынтыгында дени сак бала төрөгөн учурлар болууда. Албетте бул биз үчүн чоң жетишкендик.

ВИЧ/СПИД  менен ооруган жарандардын баары эле жаман жолдо жүргөн жарандар эмес

 Коомчулукта ВИЧ/СПИД  менен ооруган жарандарга башкача көз караш менен карашат. Анткени көпчүлүгү, бул ооруну бир гана  жыныстык жол менен жугат деп ойлошот.  ВИЧ/СПИД  илдетин ар бир адам жугузуп алышы мүмкүн, анткени ал тиш дарылоодо,  чач тарачта,  сулуулук салондордо да  жугат.   Ошондой эле ооруканаларда дарылануу учурунда, организмге кан куйган учурларда жугузуп алгандар бар. Ошондуктан коомчулук эски, калыптанып калган көз карашын өзгөртүүсү керек. Анткени оорулуулардын арасында жаш балдар, улгайган жарандар да бар. Алар жогорудагы жайлардын санитардык абалынын курмандыгы. Эл арасындагы СПИД менен ооруган жарандарга болгон терс мамилелер, алардын жашоого болгон каалоосун жоготуусуна  таасир этет. Ошол себептен Баткен шаарынын тургуну андан оору аныкталса, ал башка аймакка барып дарыланууда. Ал эми маселен Лейлек районун тургуну, Баткен шаарына  келип дарыланат. Анткени аны өзү жашаган аймакта баары таанышат, оорусунун билинип калуусун трагедия катары көрүшөт, катуу намыстанышат. Ошондуктан аны эч ким тааныбаган аймакта дарыланууну чечишет. Дагы бир белгилей кетүүчү нерсе, аймактардагы СПИДке каршы күрөшүү борборлорунда шартты жакшыртуу зарыл. Маселен мен иштеген каанада 4 адам олтурабыз. Мага оорулуу  келсе, көйгөйүн ачык айта албайт,же болбосо кесиптештерим жумушун токтотуп, сыртка чыгып туруусуна туура келет. Дарыгер менен оорулуу үчүн атайын жайлар, шарттар зарыл.

Баткен облусунда психологдун жоктугу негизги көйгөй

 Бул оору менен ооруган жарандарга дары дармек кандай керек болсо, психологдун кеңеши да ошондой керек. Өзгөчө эң алгач, ВИЧ  инфекциясы  аныкталган учурларда, ага психолог гана жардам бере алат. Биз дарыгерлер аларды текшерүүдөн өткөрүү жана дарылоо менен катар, психологиялык жардам берүүбүзгө туура келет.Бирок  алгачкы кайрылган оорулуулар баары бир  эле сөздү   кайталашат: «жашагым   келбейт». Бирок ар  бир  оорулуу  менен көпкө  сүйлөшүп ,аларды   дарылогоо  көндүрөбүз. Ушундай  учурда  биздин  өзүбүздө    психолог  болсо, оорулуулар  үчун  ыңгайлуу  болмок.

Ошондуктан  аларды  психологиялык жактан  колдоо  үчүн ВИЧ  инфекциясы  менен ооруп, дарыланып, кадимки жашоодо жашаган психолог бейтаптарыбызды жардамга чакырабыз.  Аларды угушат, анткени алардын көйгөйү бир.

ВИЧ  инфекциясы  аныкталган жарандарга тездик  менен АРВ терапияны   баштоо   керек  

АРВ терапиянын   (вируска  каршы   дарылануу )  максаты :

  • Оорулуу адамдын  өмүрүн   узартуу , жашоо  сапатын жакшыртуу, оорулуу дарыланса, ал ооруну  башкага  жуктурбайт;
  • Дарылоо жолу  менен вирустун  көбөйүп  кетишин  токтотуу(вирустук  жүктү  түшүрүү );
  • Орулуу адамдын иммунитетин көтөрүү;

ВИЧ/СПИД  менен ооруган жарандар Кыргызстанда акысыз дарыланат. АРВ терапиясы аркылуу дарыланып, көпчүлүк бейтаптар, дени сак адамдар менен катар, кадимки жашоодо жашап жатат. Алардын организминде дарылануудан соң, вирустук жүк кескин төмөндөйт да,жада калса жубайлардан да, бири бирине оору жукпайт. Бирок бул  ВИЧ  инфекциясынан  толук айыкты дегенге жатпайт. Жылына  дарыгердин  көзөмөлүндө болуп   тиешелүү  анализдерди тапшырып туруусу зарыл.

Коомго түшүндүрүү иштери аба менен суудай керек

  ВИЧ/СПИД  оорусунун алдын алуунун негизги жолу бул түшүндүрүү иштери. Бул оорунун алдын алуу, сактануу, дарылануу жолдору боюнча калкка кеңири маалымат жеткирип туруу маанилүү. Биздин эл сабаттуу эл. Азыр ар бир жарандын колунда смартфон. Маалымат өтө тез тарайт. Дарыгерлер биз азбыз, үнүбүз жетпейт. Ошондуктан тийиштүү мекемелер түшүндүрүү иштерин активдүү жүргүзүүсү зарыл деп ойлойм.

ВИЧ/СПИД   оорусу бар жарандар коронавирус менен ооруган жок

 Пандемия башталганда бизде каттоодо турган жарандар менен тыгыз байланышта иштедик. Аларга карантиндин эрежелерине баш ийүү, санитардык талаптарды сактоо, көп адамдар топтолгон жайларга барбоо боюнча түшундурүу иштерин жургузүп, дарыларын үйлөрүнө жеткирип берип жаттык. Натыйжада бир дагы оорулуу коронавирус жуктурган жок.Азыркы учурда аларды ковидке каршы эмдөө маселеси каралып жатат.Ал эми башка жугуштуу ооруларга алар ар дайым акысыз эмделет.

Облустагы абал

2021-жылдын 1-ноябрына карата Вич инфекциясы аныкталган учурлардын саны Кыргызстанда 10395 жаранды түзсө, анын 265 Баткен облусунан. Бул көрсөткүчтүн 18 учуру  Баткен районунда, 12 учур  Баткен шаарында, 90 учур  Кадамжай районунда, 37 Лейлек районунда, 99 Кызыл-Кыя шаарынан болсо, Сүлүктү шаарында 9 учур катталган.

Ал эми быйылкы жылдын 1-ноябрына облуста жаңы 15 учур катталган.

Маалымат үчүн: ВИЧ/СПИД   боюнча эң алгачкы учур Баткен облусунда 2001-жылы катталган.     Ал эки жыл мурда каза болду. Оору аныкталгандан кийин 15 жыл жашады.

Окурмандын эсине:  

Эгерде сизде ВИЧ/СПИД оорусуна байланыштуу маселелер же суроолор болсо, Баткен облустук СПИДке каршы күрөшүү жана алдын алуу борборунун адистерине кайрылсаңыздар болот. Дареги: Баткен шаары И.Раззаков көчөсү №13. Ишеним телефону: 5-04-89, 5-08-77. Адистер сиздин маалыматтын купуялуулугуна кепилдик берет.

Даярдаган  Чолпон Бердикулова

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here