Чек арадагы окуяда жабыркагандар үчүн жалпы 140 үй курулду

0
471

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдиргендей, үстүбүздөгү жылдын  28-30-апрелинде,  кыргыз-тажик чек арасында орун алган  окуядан кийинки, жабыр тарткан айылдарды калыбына келтирүү иш аракеттери жүрүп жатат.

Бүгүнкү күндө жалпысынан 140 үй курулган болсо, анын 100ү Лейлек районунун аймагында толугу менен бүткөрүлүп, тапшырылган.

Ал эми  40 үй Баткен районунда  аяктоо алдында турат.

Анын тогузу Ак-Сай айылында бүткөрүлүп, жаңы үйгө үй ээлери көчүп киришкен.

Жакынкы аралыкта калган 31 үй пайдаланууга берилет.

Мындан сырткары КР Президентинин демилгеси, жеке ишкерлердин колдоосу менен 36 шейит кеткен эр азаматтардын жакындарын колдоо максатында 36 үй курулган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here