Өкүлчүлүк чек арадагы окуяга байланыштуу атайын эсепке топтолгон каражат боюнча маалымат берди

0
424

Баткен облусунда,  28-30-апрелде кыргыз-тажик чек арасында  орун алган окуядан соң, КР Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө атайын эсеп ачылып,ага жалпы коомчулуктан жабыр тарткан айылдарды калыбына келтирүү үчүн каражаттар которулган. Атайын эсепке жалпы  119 млн 695миң 848 сом топтолгон.

Бул акча каражатын максаттуу пайдалануу боюнча атайын убактылуу жобо иштелип чыгып, атайын комиссияга көзөмөлгө алган.

Жалпысынан атайын эсепке 119 млн 695миң 848 сом топтолгон.

Каражаттын жумшалгандыгы боюнча кененирээк төмөндө көрсөтүлөт.

Лейлек району боюнча:

1)      -Баткен, Лейлек райондорундагы 140 үйдүн  жылуулук ситемасын курууга 33млн 813миң 220сомго келишим түзүлүп, 16млн 906миң 600сом которулган.

2)      -Максат айылын таза суу менен камсыз кылуу үчун 12млн 830миң сомго келишим түзүлүп, 12млн 492миң 551сом которулган.

3)      -Максат айылынын кире беришине арка курууга 1млн 798миң сомго келишим түзүлүп, 899миң сом которулган.

4)      Лейлек районунун Максат айылын жарыктандыруу үчүн 7млн 181миңго келишим түзүлүп, 6млн 590миң  600сом которулган.

Баткен району боюнча:

1)      -Баткен районунун Таш-Тумшук айылындагы үйлөрдүн короосун тосконго 3млн 699миң 519сомго келишим түзүлүп, 1млн 849миң 800сом которулган.

2)      -Баткен районунун Ак-Сай айылындагы “Сулууданги Ак-Сай” таза cуусун реконструкциялоо үчүн 1млн 273миң 122сомго келишим түзүлүп, толугу менен акча каражаты которулуп берилди.

36 шейит кеткен жарандардын жакындарыны колдоо максатында курулган 36 үйгө кошумча жумшалган акча каражаты:

1)      -чек ара жаңжалында каза болгон жарандардын жакындары үчүн  Баткен шаарында курулган 36 үйдүн канализациясын курууга 8млн 681миң 188сомго келишим түзүлүп, толугу менен которулган.

2)      Ушул эле 36 үйдүн айланасын тосконго жана жылытуу сиситемасына 3млн 406миң 96сомго келишим түзүлүп, толугу менен акча каражаты которулган

Кошумча:

1)      Ал эми ден соолугунан жараат алган 16 жаранга дарылануусу үчүн  – 1млн 570миң сом толугу менен бөлүнүп берилген.

2)      Чек ара чырында жабыр тарткан айылдардагы жашоочулардын окуучу балдарын эс алдыруусуна – 229миң 750 сом каралган.

Облустук өкүлчүлүктүн атайын эсебинде азыркы күндө 65млн. 847миң 283 сом акча каражаты калган болсо анын 20млн 584миң 349сому түзулгөн келишимдин негизинде жумуштар аткарылып бүткөрүлсө которулуп берилет. 45млн 262миң 934сом акча каражаты үчүн элдин сунушу менен атайын комиссиянын тыкыр көзөмөлүнүн негизинде ачык-айкын сарпталат деп айтылат КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Ошондой эле мекеменин маалыматында көрсөтүлгөн колдоолор үчүн облус башчысы, өлкө башчысынын жана Баткен элинин атынан жалпы коомчулукка ыраазычылыгын билдирген.

 

 

 

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here