Алимбаев аскер курсанттары менен жолугушту

0
459

Бүгүн 20-октябрда,  КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жана Баткен, Лейлек, Кадамжай райондорунун акимдери Бишкек шаарындагы Советтер союзунун Баатыры, генерал-майору Дайыр Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейиндеги Баткен облусунан келип, окуп жаткан аскер курсанттарынан кабар алышты.

Ыйгарым укуктуу өкүл аталган окуу жайда окуп жаткан аскер курсанттары менен баарлашуу учурунда, быйылкы жылы  КР Президенти С.Н.Жапаровдун жана Коргоо министрлигинин колдоосу менен, Баткен облусунда туулуп өскөн эр азаматтардын арасынан, кесипкөй аскер кызматкерлерин даярдап чыгарууга өзгөчө көңүл бурулганын белгиледи.

Анын натыйжасында учурда аталган окуу жайда Баткен облусунан 57 бала окуп жатат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here