Баткен райондук ЖКККсы окуучуларга эскертет

0
596

Баткен райондук ЖКК бөлүмү «Акыркы коңгуроого» карата кортежге чыккан кымбат баалуу унаалардын жана кичи автобусдардын айдоочуларына окуучулардын буюртма албоого чакырат. Бул тууралуу Баткен райондук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматыдан билдирди.

Маршруттук каттамдардын жана буюрутма алып жүргүнчү ташыган айдоочуларына, мектеп бүтүрүүчүлөрү тарабынан буюртма албоолору сунушталып, эгерде алар тарабынан кандайдыр бир мыйзам бузуулар катталса, мыйзам чегинде жаза чаралары көрүлөрү эскертилүүдө.

25-май күнү бүткүл  Кыргызстандын аймагында 11-класстын окуучулары мектепти аяктап,»Акыркы коңгуроо» кечесин өткөрүүнү пландашат. Бириден өткөн бири кымбат унааларды жалдап, андан сырткары кичи автобустарга толгон окуучулар шаарды же шаардан сырткаркы эс алуу жайларын кыдырып майрамдап жүргөндөрүнө буга чейин да күбө болуп келгенбиз. Мындай салтанат ар убак эле кубанычтуу маанайда бүтпөй  окуучулар жол-унаа кырсыктарына кабылып, арасында жаш өмүрлөр кыйылган фактылар кездешкен. Баткен районунун аймагындагы маршруттук каттамдын айдоочулары, той- аштарга, кечелерге кортеж катары буюртма алып жүргүнчүлөрдү ташыган айдоочулардын, аны менен бирге окуучулардын жана ата-энелердин арасында ар кандай жол-унаа кырсыктарынын алдын алуу жана болтурбоо, жаш өспүрүмдөрдүн өмүрүн сактоо жана коопсуздугун камсыз кылуу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Муну менен эле чектелбестен маршруттук каттамдардын техникалык абалдары текшерилип, айдоочуларга эскертүүлөр берилди.

 

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here