Баткен милициясына автоунаа тапшырылды

0
1067

Баткендеги чек арадагы куралдуу кагылышуулардан улам Баткен облусундагы милиция кызматкерлеринин материалдык-техникалык базасына да бир топ өлчөмдө орчундуу чыгымдар келтирилди.

Бул окуяларга кайдыгер карабаган жарандарыбыз өздүк курамды колдоо максатында жардам колун суна баштады. “Бийиктик Курулуш” компаниясы материалдык жардам катары “Honda CR-V 2” үлгүсүндөгү автоунаасын тапшырды. Компаниянын өкүлү Нурбек Калбаев “Тынчтыкты орнотууга милиция кызматкерлеринин салымы чоң, Сиздердин элге жасаган кызматыңыздар, эрдигиңиздер, туруктуулугуңуздарды байкап турдук. Биз ар дайым колдон керген жардамды Сиздер үчүн аябайбыз” деп өз сөзүндө белгилеп кетти.

Лейлек районунундагы Максат айылдык милиция пункту өрттөлүп талкаланып, ал эми Жаңы-Жер айылдык милиция бөлүмчөсү талап тонолду. Ал эми Баткен ОИИБнын “Нива” жана “Газель” үлгүсүндөгү автоунааларга тажиктер тарабынан ок атылып жараксыз абалга келген.

Баткен ОИИБнын начальниги милициянын полковниги Мурат Боронов жардам колун сунган “Бийиктик Курулуш” компаниясына ыраазычылыгын айтып, коомдук тартипти сактоодо милиция кызматкерлери жогорку деңгээлде мындан ары да өз кызматтарын аткара берерин билдирди.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here