Баткен ОИИБнын ардагери “Жигердүү даңк” төш белгиси менен сыйланды

0
984

Баткен ОИИБнын ардагерлер кеңешинин төрагасы Арапов Ниймат бүгүн, коомдун өнүгүшүнө кошуп жаткан бараандуу салымы, коомдук тартипти сактоодо жана кылмыштуулуктун алдын алуудагы зор салымы үчүн “Даанышмандар жана жигердүүлөрдү колдоо коомдук ассоцациясынын” юридикалык жаактардын бирикмесисинин “Жигердүү даңк” төш белгиси менен сыйланды.Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы кабарлады.

Бул төш белгини Баткен ОИИБнын начальниги милициянын полковниги Мурат Боронов жыйналыш учурунда ардагерибиз Ниймат Араповко тапшырып жатып, “Ардагерлер биздин көркүбүз, биздин кутубуз. Бир тилек, бир максатта эл арасында тартип сактоо- биздин милдетибиз” деп жылуу каалоо-тилектерин айтып өттү.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here