Суваналиев: Аймакты өнүктүрүү үчүн биринчи кезекте таза суу жана сугат суу маселелерин чечүүбүз зарыл

0
1217

О.Суваналиев: Аймакты өнүктүрүү үчүн биринчи кезекте таза суу жана сугат суу маселелерин чечүүбүз зарыл
Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Омурбек Суваналиев, Баткен районунун чек аралаш аймактарындагы таза суу жана сугат суу обьекттеринин курулуштарынан кабар алып жатып билдирди.
Ыйгарым укуктуу өкүл алгач Баткен районунун Ак-Сай айылынын Бакай участкасында жаңы жерлерди өздөштүрүү жана жергиликтүү элдин социалдык абалын жакшыртуу, чек ара аймагын бекемдөө максатында курулуп жаткан насостук станциянын курулушу менен таанышты.

Насостук станциянынын жалпы наркы 55,0 млн сом болсо, буга чейин аталган обьектке 50млн сом бөлүнүп берилген. Курулуш 2021- жылдын 25-мартына карата аяктоо болжолдонууда.
Ыйгарым укуктуу өкүл насостук станцияны пайдаланууга берүүнү тездетүү жана электр энергиясына байланыштуу маселелерди чечүү боюнча жетекчилерге тапшырмаларды берди жана КРнын Өкмөтү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бул маселени чечүүнү өзү да көзөмөлгө алганын билдирди.
Насостук станциянын ишке берилиши менен, Ак-Сай айылында 131 га. жаңы жерлер өздөштүрүлөт жана 225 га жерге сугат суу берүү жакшыртылат.
Омурбек Суваналиев мындай суу таңкыс аймактарда тамчылатып сугаруу менен жер иштетүү зарылдыгын айтып, жергиликтүү бийлик органдары инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, каржы булактарын таап, тамчылатып сугаруу системасын колго алуу керектигин белгиледи.
Белгилей кетсек аталган аймакка таза суу обьектисинин курулушу үчүн буга чейин мамлекет тарабынан 13,5млн сом каражат ажыратылып, Ак-Сай айылына 14км алыстыктагы Суулуу-Таңги жайлоосунан таза суу линиясы тартылып келген.
Өкүл андан ары Ак-Татыр айыл аймагынын Аэропорт участкасын таза суу менен камсыз кылуу долбоору менен, жеринде таанышты. Буга чейин аталган айылга жергиликтүү бюджеттен 210миң сом, Ассафа Кайрымдуулук фонду тарабынан 750миң сом акча каражаты каржыланып, Андиген ичүүчү таза суу линиясынан 5 км аралыкка суу тартылып келинген. Натыйжада элдин 60% гана таза суу менен камсыз болуп, жаз айларында суунун көлөмү азайгандыктан, суу тартыштыгы жаралат.
Ыйгарым укутуу өкүл аталган айылдын таза суу муктаждыгын чечүү үчүн, бул маселени 2023-2024-жж таза суу боюнча мамлекеттик программага киргизүү менен, аны ишке ашыруу үстүндө иш аракеттер көрүлөөрүн билдирди. Ошондо Ак-Татыр жана Орто-Боз айылдары толугу менен таза суу менен камсыз болот.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here