Баткенде мамлекеттик туу күнү белгиленди

0
674

 

Баткенде мамлекеттик туу күнү белгиленди . Мамлекеттик туунун кабыл алынгандыгынын 29 жылдыгына арналган салтанат, КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Омурбек Суваналиев баштаган облустун активи, Баткен районунун, Баткен шаарынын активи жана  тургундарынын  катышуусунда белгиленди.  Салтанат КРнын гимни менен башталып, ыйгарым укуктуу өкүл жалпы элди мамлекеттик туу күнү менен куттуктады.  Омурбек Суваналиев өз куттуктоосунда, “ мамлекеттик туубуздун желбиреп турушу, элибиз үчүн чоң бакыт жана зор сыймык. Көз карандысыздыктын символу болгон желегибиз, эгемен өлкөбүздүн жакшылыктарында желбирей берсин, туубуздун, патриоттук сезимибизди козгоп, ата мекенди сүйүүгө, коргоого үндөгөн, улуу касиети бар. Ошол эле учурда  туубуз өтө терең философиялык маанини өзүнө камтыйт” деди. Иш чара  аскер кызматкерлеринин салтанаттуу жүрүшү менен жыйынтыкталды.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here