Милициянын көчмө кабылдамасы Чечме жана Сырт айылдарында

0
1066

Баткен облусунун Кадамжай районунун Бирлик айыл өкмөтүнүн Чечме жана Сырт айылдарында Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнүн көчмө кабылдамасы иш графигинин негизинде, жергиликтүү калктын арыз даттанууларын жеринде кабыл алды.

Негизинен кабыл алынган арыз-кайрылуулар социалдык жактан жаралып жаткан маселелер. Мисалыга айтсак жарандык паспорт, ЗАГС, туулгандыгы тууралуу күбөлүк, жер маселелерин айтып кайрылышты. Ал эми айыл жергесинде коомдук коопсуздук, укук бузуулар башкача айтканда, уурулук, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктар жокко эсе экендигин, милициянын уполномоченныйлары жана жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө кызматкерлери өз нугунда иш алып барып жатышкандыгын айтышты.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here