Мигрант: Өрүкзар футбол лигасы

0
604

 

Россия федерациясынын борбору Москва шаарында Баткен районунун жаштары арасында, Баткен Өрүкзар коому тарабынан Өрүкзар футбол лигасы аталышындагы футболдук мелдеш өткөрүлүүдө. Бул тууралуу биздин кабарчы Нуржамал Таабалдиева билдирди.Райондук төрагалар, жеке ишкерлердин жана жетекечилердин демөөрчүлүгү менен уюштурулган футбол оюнунун кышкы сезону башталып, бүгүнкү күндө аптанын ишемби күндөрү мелдеш өтүп, таймаш кызуу жүрүп, жаштарды ынтымакка биримдикке чакырууда зор салым кошуп жатат.

Күндүн ысык суугуна, жумуштун оордугуна карабастан оюнга катышкандардын саны жылдагыдан көп катышып жатышат. Оюндун негизги максаты мекенинен алыс жүргөн мигранттардын ынтымакка биримдикке чакыруу дейт уюштуруучу Абдуназаров Исраил уюштуруучу,Өрүкзар коомунун өкүлү

Оюнга Баткен районунун бардык айылдарынан жана Баткен шаарынан түзүлгөн 12 команда катышып оюн акырында жеңүүчүлөргө Өрүкзар футбол лигасынын кубогу, диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланат.

Бул иш-чарага Москва шаарында эмгектенип жүргөн коомдук ишмер ага – эжелерибиз да өз колдооосун көрсөтүп оюнчуларга керектүү болгон жардамдарын берип жатышат.

Балтабаева Майрам “Ала тоо” чайканасын жетекчиси, коомдук ишмер

Бүгүнкү оюнга өз айылдаштарын колдоп келген Кимсанова Гулсара айым Кызыл-Бел командасына суу чайын берип колдоп сүрөп турду.

Оюнга келген командалар стимул берип оюнду уюштурган Абдуназаров Исраил

Карманов Мансур, Пулатов Бактияр, Бостонов Абдукаримге жана оюнчуларга колдоо көрсөткөн ишкер ага эжелерге футболчу балдар ыраазычылыгын билдиришти.

Айта кетчү нерсе “Өрүкзар футбол лигасы” 2020-жылдын декабрында башталып, 2021-жылдын 6-мартында жыйынтыкталат.Оюндун максаты жаштарды бөтөн жерде жаман жолго барбай , спорт менен машыгып, жогорку профессионалдык денгээлдеги  спорт комплекстерге уюштурулуп өз ара куч сынашып мыкты оюнчуларды чыгаруу максатында уюштурулган.

Нуржамал Таабалдиева, Москва шаары.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here