Азык түлүк коопсуздугу жана тамактануу боюнча Баткен облусунун планы иштелип чыкты

0
1309

Баткен облусундагы аялдардын жана балдардын тамактануу абалына байланыштуу, тамактануу жана азык-түлүк коопсуздугу жаатында жалпы аракеттерди координациялоону өркүндөтүүгө багытталган тегерек стол болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн баткен облусундагы өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Аталган иш чарага Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Чынар Саттарова, Саламаттыкты сактоо министрлигинин бөлүм башчысы Айнура Акматова жана ЮСАИД уюмунан жана башка бир катар бей өкмөт уюмдардын өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик органдары менен, саламаттыкты сактоо кызматкерлери, жарандык активистер  катышты.

Келечектеги  акыл эстүү, ден соолугу чың  муундун өсүп чоңойушу, түздөн түз толук баалуу тамактануу менен байланыштуу. Бирок адистер, Баткен облусундагы  10 баланын бири гана жетиштүү тамактанаарын белгилешет. Ошондуктан  Бул багытта комплексттүү иш чараларды жүзөгө ашыруу аракеттери башталды.

Анткени жетишсиз жана туура эмес тамактануу, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн ар кандай узак мөөнөттүү кесепеттерге алып келээри баарыбызга белгилүү.

Мындан улам мыкты тамактануу жана тамак аш коопсуздугу боюнча облустун  планы талкууга алынып, анын артыкчылыктары жана эфективдүүлүгү белгиленип, аны  ийгиликтүү ишке ашыруу жагы,  алдыга милдет катары коюлду.

Негизги максат, жетишсиз тамактануу тобокелинде болгон өзгөчө жаш жана наристе балдарга, алардын камкорчулары жана репродуктивдүү курактагы аялдарга багыталат. Ошондой эле калк арасында көптөгөн өнөкөт оорулардын алдын алуу.

Алдыда бул иш аракеттер. мамлекеттин натыйжалуу, комплекстүү жана туруктуу азыктануу программаларына айкалыштырылып, аймактагы бардык тийиштүү органдар менен биргеликте ишке ашырылат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here