Өмүрбек Суваналиев Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды

0
983

Суваналиев Өмүрбек Исакович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөтттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.
Тийиштүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов кол койду.


Өмүрбек Суваналиев бүгүн облустун активине тааныштырылды.
Ал өз сөзүндө “Баткен облусу борбордон алыс жана чек аралаш аймакта жайгашкандыкан,аймакта коопсуздук жана ар тараптуу өнүктүрүү маселелери турат. Бул үчүн биринчиден ынтымакта болушубуз керек, кошуна мамлекеттер менен да ынтымакта болуп, маселелерди мыйзам чегинде чечүү зарыл. Алдыда бул багытта коюлган милдеттерди аткарууга болгон күч аракетти жумшайбыз” деди.
Ал эми буга чейин КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматын аркалап турган Жаныбек Жалалов, КРнын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчисинин орун басары кызматына дайындалды. Тиешелүү буйрукка Премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here