Баткенде 2020-жыл ичинде 4506 жумушчу орун түзүлгөн. Жыл жыйынтыгы

0
471

 

Баткен облусу жыл жыйынтыгын чыгарды

Облустун 2020-жыл ичиндеги социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары боюнча облустук коллегия болуп өттү. Жылдын жыйынтыгы менен өнөр жайынын көлөмү 3074,6 млн сомго өндүрүлдү, ал эми физикалык көлөмү 125,3% га өсүү темпи 101,9%, рыноктук тейлөөлөрдүн көлөмү 17772,1 млн сом же өткөн жылга салыштырмалуу 96,2 пайызга аткарылды.

Салык топтоонун планы 102,7 %, ал эми эмгек акынын көлөмү 13368,8 сомго жетип өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 114,9%га өскөн, минималдык керектөөчү бюджет 5372,2 сомду түздү.

Инфляциянын деңгээли облустун аймагында 107,9% пайызды түздү.

Жаңы түзүлгөн жумушчу орундардын саны 2020-жыл ичинде 4506 жумушчу орунду түздү же былтыркы жылга салыштырганда 106.5 пайызды түздү.

Түзүлгөн жумушчу орундарын тармактар боюнча алып караганда, айыл чарбасында 412 жумушчу орун, ишканалардын өздүк каражаттарынын эсебинен 509 жумушчу орун, кичи жана орто бизнести өнүктүрүүдө 364 жумушчу орун, жергиликтүү бюджеттин эсебинен 122 жумушчу орун, чет элдик каражаттар эсебинен 70, жеке ишкерлердин каражаттар эсебинен 504 жумушчу орун, республикалык бюджет эсебинен 2275 жумушчу орундар түзүлдү.

Саламаттыкты сактоо тармагында болсо 2020-жыл ичинде, областта, коноравирус инфекциясын эске албаганда, дээрлик бардык жугуштуу оорулар эки эсе азайган. Облуста өткөн жылы 14 саламаттыкты сактоо мекемеси курулуп, 24 тез жардам унаасы берилди. Ал эми 76 миңден ашуун адам сасык тумоого каршы эмдөөдөн өттү. Саламаттыкты сактоо тармагын санариптештирүүнүн алкагында, онлайн кезеке туруу, онлайн каттоо кызматтары ишке кирди.

Ал эми Баткен облусунун мектептеринин 98%на интернет байланышы жеткирилди
Облустун аймагындагы мектептерде 145 интерактивдүү доска орнотулуп, 22 мектепте электрондук китепкана орнотулду.
Балдардын коопсуздугун камсыздоо максатында 168 мектепте видеокөзөмөл камералары орнотулган.

Облустук жыйында тийиштүү жетекчилер жана район шаар башчылары жыл ичинде аткарган иш аракетер боюнча кеңири маалымат берип, 2021-жылга милдеттер белгиленди.

Коллегияннын соңунда пандемия шартында эмгектенген бир катар мекемелер жана кызматкерлер ыйгарым укуктуу өкүлдүн сыйлыктарына татыды.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here