Баткен шаарында жазгы талаа жумуштары башталды

0
318

Бул тууралуу шаардык бийликтин басма сөз кактчысы Аскар Баймуратов кабарлады.

Маалыматка караганда, Баткен шаарында жазгы талаа жумуштары кызуу жүрүп жатат. Тегирмен-Башы асыл тукум эчки заводу кайрак жана сугат жерлерге кылкандуу дан эгиндерди себүүдө. 

Жалпысынан 37 гектар жер жогоруда аталган чарбага тийиштүү  болуп, анын 19 гектарына арпа менен беде себүү жумуштары аткарылган. Ошондой эле 18 гектар жерге буудай менен беде себилет.

Мындан тышкары Кызыл-Дан үрөөнчүлүк чарбасында 15 гектардан ашуун жерге күздүк буудай себилген. Азыркы учурда 10 гектардан ашуун жерге жаздык арпа себилүүдө.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here