Баткенде экстремисттик материалдарды таратууга шектелген 27 жаштагы тургун кармалды

0
963

Облустук милициянын маалыматына караганда, кармалган жаран социалдык тармагында «Өзбекстан ислам кыймылынын» экстремисттик террористтик уюмунун материалдарын таратып жүргөн.

Аталган жарандын социалдык тармагына жүргүзүлгөн экспертизанын корутундусу менен, ал тараткан материалдарда тыюу салынган идеологиянын мазмуну бар экендиги тастыкталган.

Бул факты боюнч «экстремисттик материалдарды даярдоо жана таратуу» беренеси менен кылмыш иши козголгон.  Учурда тергөө иштери уланууда.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here