Самаркандек айылына үч күн ичинде элге суу берилет

0
1447

Бул тууралуу Президенттин Баткендеги өкүлү Абдикарим Алимбаев менен Самаркандек айылынын тургундарынын жолугушуусунда белгилүү болгонун облустук бийликтин басма сөз катчысы Чолпон Бердикулова билдирди.

Жолугушууда, жергиликтүүлөр сугат жана таза суу маселесин чечип берүүнү суранышкан. Ал эми облус башчысы үч күн ичинде элге суу берүүнү жетекчилерге тапшырды.

Облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчилигинин маалыматында, аталган айылдын суу көйгөйүн чечүү үчүн, мамлекеттик казынанын  эсебинен башталган таза суу объектиси пайдаланууга берүүгө дээрлик даяр болгон. 

Айыл тургундары суу көйгөйүнөн башка мектеп, бала бакча, жол, жаңы конуштарга электр энергиясын жеткирүү боюнча суроолорун узатышты. Ыйгарым укуктуу өкүл бул күнү айыл өкмөттөгү бир катар социалдык жана ирригациялык объекттерден да кабар алды.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here