Милиция “Кароосуз калгандар” иш-чарасын өткөрөт

0
306

Облустук милициянын маалыматына караганда, Баткен облусунун аймагында балдардын турмуштук оор кырдаалга кабылган жана кароосуз калган учурларын аныктоо, аны менен бирге балдарга карата жасалган ар кандай укук бузуулардын алдын алуу, коомдук жайларда балдардын тилемчилик кылуусуна бөгөт коюу максатында жер-жерлердеги милиция кызматкерлери 2024-жылдын 13-мартынан 15-мартына чейинки аралыкта рейддерди жүргүзөт.

Милиция кароосуз калган балдардын ата-энелери  укук бузуулар жөнүндөгү кодексинин негизинде жоопко тартылат – деп айтылат маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here