Чүй облусунун Ысык-Ата районунда 19 жаштагы Асел Жанарбек кызы изделип жатат. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, кыздын жакындары, ал Кант шаарындагы үйүнөн 15-февралда чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын айтып милицияга арыз менен кайрылышкан.
Бул факт боюнча тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталган. Анын жүрүшүндө Чоң Чүй каналынын жээгинен Асел Жанарбек кызына таандык уюлдук телефон, күрмө жана бут кийим табылган. Ал өзү кайда экени дале аныктала элек.
Милиция кызматкерлери буга байланыштуу издөө иштерин улантууда. Жакындарынын бардык версиялары териштирилип, ыктымал жайлар каралууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары каналды бир сыйра изилдеп чыгышты.