2024-жылы ажылык сапарга барууга 3750 доллар керектелет

0
582

Бул тууралуу Муфтият маалымдайт.

Маалыматка караганда, быйыл ажылык сапарга баруу 3750 долларды түздү. Төлөмдөр 27-февралдан 4-мартка чейин жүргүзүлөт. 

«Ажыга барууга 2 миң долларды төлөп мүмкүнчүлүк алган ар бир талапкер 27-февралдан 4-мартка РСК Банктын иштөө убактысынын бүтүшүнө чейин калган 1750 долларды төлөшү керек», — деп билдиришти муфтияттан.

Быйыл Кыргызстандан ажылык сапарга  бара турган зыяратчыларга 6060 орун бөлүнгөн.

Белгилеп кетсек, алдынкы жылы ажылык сапардын акысы 3900 доллар болгон. 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here