Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов министрликтин жалпы жыйынында билдирди.
Учурда бул маселе талкууланып жатат.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2014-2016 жана 2018-жылдары Кыргызстанда өткөн. 2022-жылы Түркияда өттү, быйыл 8-14-сентябрда Казакстандын Астана шаарында өтөт.
Белгилей кетсек, дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү көчмөн маданиятын жандандырып жана сактап калуу максатында 2012-жылы Кыргызстан тарабынан демилгеленген.