Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, бүгүн, 28-февралда Кыргызстан кызамыкка каршы 264 миң 500 доза вакцина алды. Бул үчүн мамлекеттик бюджеттен 21 млн сом бөлүнгөн.
Кызамык оорусуна каршы эмдөө өнөктүгүнүн экинчи этабынын алкагында 9 айдан 7 жашка чейинки балдар эмдөөдөн өтүшөт.
Вакцина ошондой бейтап менен байланышта болгон бардык адамдарды шашылыш эмдөө үчүн жер-жерлерге жөнөтүлөт.