Баткенде 14 миңден ашуун акылдуу эсептегичтер орнотулууда

0
389

Бул тууралуу Баткен электр тармактар ишканасынын басма сөз катчысы билдирди.

Маалыматка ылайык, Баткен электр тармактар ишканасынын адистери жыл башынан бери 14508 даана акылдуу электр эсептегич орнотууну баштаган.

Январь айынан баштап Кадамжай районунун Үч-Коргон айылына 7008 даана акылдуу эсептегич орноткон болсо, учурда Баткен шаарына 7500 даана акылдуу эсептегич орнотулууда.

Мындай акылдуу электр эсептегичтерди алдыда жалпы Баткен облусуна орнотуу пландалууда.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here