Раззаков шаарынын мэриясынын пайдалануу мөөнөтү бүткөн мамлекеттик фондунун сугат, кайрак айдоо жана чөп чабынды жер аянтарын 5 жылдык мөөнөткө ижарага пайдалануу үчүн ачык аукционго коёт. Бул тууралуу Раззаков шаарынын мэриясы билдирет.
Маалыматка караганда, ачык аукцион 2024-жылдын 19-март күнү саат 10:00 Раззаков шаарынын мэриясынын жыйындар залында өткөрүлөт.
Аукционго катышуу үчүн төмөнкү иш кагаздар керектелет:
- Раазаков шаарынын мэринин атына арыз;
- Паспорт көчүрмө;
- Баштапкы баанын 10% гарантиялык төлөмү;
- Ачык аукционго катышуу үчүн Раззаков шаарынын мэриясына катышуу үчүн билет акы 300 сом.
- Аукционго тийиштүү иш кагаздарды кабыл алуу ушул жылдын 11-март күнү токтотулат.