Баткен регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын маалыматында, Баткен шаарынын Кызыл-Дөң дөңсөөсүнө курулуучу эс алуу панорамасынын эскиздик долбоорун толугу менен аяктап, Баткен шаардык мэриясына сунуштады.
Баткен шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей эс алуучу жайы 2024-жыл ичинде толугу менен ишке ашырылат.
Ошону менен бирге эс алуу жайына суу тартылып, жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштери жүргүзүлөт.