Баткенде бир жумада 1098 жол эрежелерин бузган айдоочу аныкталды

0
501

Баткенде бир жума ичинде 1098 жол эрежелерин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу “Салам Медиага” облустук милициянын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалымат катчысы билдирди. 

Маалыматка караганда, тийиштүү документтери жок автоунаа башкарган-18 айдоочу, мас абалында унаа башкарган -28, белгиленген ылдамдыктан ашырып айдаган — 95 айдоочу, терезелерин мыйзамсыз карангылаткан -1 айдоочу аныкталган. 

Башка ар кандай жол эрежелерин бузган – 984 факты катталган. 

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 111 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here