Баткен районунун 90 жылдыгына карата иш чара өттү

0
1171

Бул тууралуу райондук бийликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 90 жылдык маарекеге байланыштуу Баткен райондук балдар чыгармачылык үйүндө “Өрүкзарлуу мекеним 90го толду Баткеним» аттуу райондук семинары өттү.

Семинарда чыгармачылык үйдүн окуучулары мугалимдерге жана окуучуларга салттуу эмес техника менен сүрөт тартуунун бир нече жолдорун үйрөтүү, кыска убакытта сүрөт тартуу жана түрдүү мастер класстар көрсөтүлдү.

Андан соң балдар чыгармачылык үйүнүн окуучулары тарабынан концерттик программа тартууланды.

Белгилей кетсек, Баткен районунун түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгына карата түрдүү иш чаралар райондун аймагындагы бардык айыл аймактарда, билим берүү мекемелеринде өткөрүлөт.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here