Кызыл-Кыяда автоунаа уурдап айдап качкан жаран кармалды

0
627

2021-жылдын 25-январь күнү Кызыл-Кыя шаарындагы автоунаа жуучу жайдан Кызыл-Кыя шаарынын 20жаштагы тургунунун “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү автоунаасын белгисиз адамдар айдап качып кеткендиги боюнча арыз менен кайрылган. Бул маалыматты Баткен ОИИБсы таратты.

Бул арыз Кызыл-Кыя ШИИБнин КЖБРне Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 206-беренесинин ( Автотранспорт каражаттарын айдай качуу) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Кызыл-Кыя ШИИБнин ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында 2021-жылдын 26-январь күнү криминалдык милиция кызматкерлер Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынан Бишкек шаарын карай багыт алган Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагынын 26жаштагы А.М. аттуу жаранын аныктап кармап келип, убактылуу жайга киргизди.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү кармалып келген 26жаштагы А.М. мурда 3 жолу оор беренелер менен соттолгондугу аныкталды.

уурдалган унаа

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here