Дайынсыз жоголгон Мактым Кожонова табылды

0
4496

Өткөн жылдын 23-ноябрында Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынын 45 жаштагы тургуну дайынсыз жоголгон. 2 айдан бери күч органдары жана жакын туугандары издеп таппай келген.

Бүгүн 24-январь эрте менен үйүнө жакын жердеги бактан сөөгү табылды. Аны Мактым Кожонова экенин жакын туугандары да тастыкташты. Бакта жаткан жансыз денени мал карап жүргөн жаш балдар көрүп Кожонованын туугандарына кабар беришкен.

Бактын ээси Кадыров Кубанычбек өзүнүн багына 1 2 айдан бери келбегенин, жана бул жерде болот деп ойлобогонун айтат.

 

Табылган Кожонованын сөөгүн бүгүн 24-январда 15:00дө жерге беребиз — дешти туугандары. Окуя болгон жерге укук коргоо органдары барып табылган сөөккө жайында экспертиза жүргүзүп, окуянын чоо жайын билуу үчүн денени экспертизага алып кетишти.

Учурдан пайдаланып Сыдык Рахмановдун үй-бүлөсүнө көңүл айтабыз

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here