Жапаров 28-январда ант берет

0
667
Президенттик шайлоодо жеңишке жеткен Садыр Жапаровдун инаугурациясы 28-январда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтөт.

Ага байланыштуу 21-январда президенттин милдетин аткарып жаткан спикер Талант Мамытовдун жарлыгы менен инаугурацияны даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу тобу түзүлгөн.

Жапаров ант берүү аземине 10 миллион сом чыгым кетирүүгө да каршы экенин билдирген. Инаугурация күнү Бишкектин жолдорун жаппай, иш-чараны жупуну кылып өткөрүү, 10 миллион сомдук чыгым сарптабоо тууралуу сунуш берген.

Жапаровдун салтанаттуу кызматка киришүүсүнө даярдык ошол эле күнү башталган.

БШКнын расмий маалыматы боюнча 10-яанварьда өткөн Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо президент кызмат ордуна талапкер Жапаров Садыр Нургожоевич 1 105 248 добушту алды, бул 79,20 %, башкача айтканда, шайлоого катышкан бардык шайлоочулардын добуштарынын жарымынан көбүн түзөт.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here