Баткен Өрүкзар коому 3 миллион сомдон ашык кайрымдуулук кылышкан

0
528

Баткен Өрүкзар коому түзүлгөн күндөн бери кыйынчылыкка кабылган мигрант мекендештерибизге жардамын берип келет. Жана дагы Чет жакта каза болгон мекендештерибиздин сөөктөрүн жөнөтүү үчүн жардамын көрсөтүп келет. Бүгүнкү күндө коомдун эсебинен жалпы 3 миллион сомдон ашык акчалай жардам көрсөтүлгөн.

Москва шаарында эмгектенип жүргөн Баткен районунан барган мигранттар өздөрү түзгөн Баткен Өрүкзар коомуна жаңы төрага шайлашты. Коомдун төрагасы болуп Шакиров Жумабай шайланды   Бул маалыматты биздин москва шаарындагы кабарчыбыз Нуржамал Таабалдиева кабарлады.

23-январда Москва шаарында  Баткен районунан барган мигранттардан түзүлгөн Баткен Өрүкзар коомунун жылдык чогулушунда шайлоо өтүп, келген делегаттардын көп добушун алып Шакиров Жумабай Коомдун төрагасы болуп тандалды. Шайланган Адам бир жыл гана төрага болуп ишей алат.

 

Буга чейин Парманов Мансурбек, Алиев Каныбек, алгачкылардан болуп Султан Камалов иштеп келген.

Эске салып кетчү нерсе Баткен Өрүкзар коому 2018-жылы түзүлүп азыркы күнгө чейин Россия федерациясындагы Баткендик мигранттардын башын бириктирип, маданий, спорттук жана кайрымдуулук иштерин уюштуруп келишет.

Нуржамал Таабалдиева, Исабек Максутов

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here