Кадамжайда дайынсыз жоголгон 14 жаштагы Адина изделүүдө

0
308

Облустук милициянын маалыматына караганда , Кадамжай районунун А,Масалиев айыл аймагынын 14 жаштагы тургуну Адина Тургунбаева үстүбүздөгү жылдын 5-ноябрында түнкү саат 02:30дар чамасында үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирип, Адинанын апасы милицияга кайрылган.

Бул арыз Кадамжай РИИБнө катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Адина буудай өңдүү, кашы көзү күрөң, бою 150-155см, дене бою толук болгон. Анын үстүндө сары түстөгү куртка, астында кара  түстөгү шым, бутунда күрөң түстөгү кышкы бут кийим болгон. 

Милиция жогорудагы белгилердин негизинде дайынсыз жоголгон жашы жете элек Адина Тургунбаеванын жүргөн  жерин  аныктоо  максатында, коомчулуктан аталган факт боюнча кандайдыр бир маалымат болсо  102, 03655 5-02-29 жана 0776 851 010 номурдарына кабарлап коюуну суранат.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here