Өлкөдө 9-декабрдан тарта катуу суук күтүлөт

0
426

9-12-декабрь күндөрү өлкө аймагында аба ырайы кескин өзгөрөт. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Мындай маалыматты бүгүн, 5- декабрда Кыргызгидромет борбору билдирди.

9-11-декабрда абанын температурасы акырындык менен төмөндөйт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -3 сууктан…+2 жылуулукка чейин,

12-14-декабрларда абанын температурасы мындан да төмөндөйт. Мындай суук аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык казматтардын ишин кыйындатат.

Бул күндөрү батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 17-22 метрге жетет.

Ал эми, эртең 6-декабрда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here