Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев эки элдин достугун бекемдөөгө кошкон салымы үчүн Салам Медиасына ыраазычылык кат тапшырды.
Акимдин ыраазычылык катында;
“Элдердин биримдигин чыңдоодо массалык маалымат каражаттарынын орду зор экенин көрсөткөндүгү үчүн “Салам Медианын” командасына Баткен райондук администрациясынын атынан жана жеке өзүмдүн атымдан ыраазычылык билдирем” – деп жазылат.
Салам Медиасы буга чейин Фергана өрөөнүндө жашаган кыргыз-өзбек элдеринин турмуш тиричилиги, айыл чарбасы, базар боюнча байланышын чагылдырган видео материалдарды даярдап келген.