Баткенде шайлоо өнөктүгү өз нугунда өтүүдө

0
744

Баткен облусунда бардык шайлоо участкалары ачылып, шайлоо өнөктүгү башталды
Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жаныбек Жалалов Баткен шаарындагы №8177 шайлоо участкасында добуш берди. Ал эми шаар мэри Мамыржан Рахимов №8074 шайлоо участкасында добуш берди.

 

Облуста шайлоочулардын жалпы саны 297миң 264 түздү. Баткен шаарында 10 шайлоо участкасы, 15595 шайлоочу бар. Ошондой эле 217 шайлоо участкасы ачылып, иштеп баштады.
Белгилей кетсек, эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу шайлоо участкаларында санитардык нормаларды сактоо үчүн коргонуучу каражаттар жана дезинфекциялоочу каражаттар менен камсыздалган.


Жалпысынан коомдук коопсуздукту камсыз кылууга облус боюнча 880 милиция кызматкерлери тартылды. Ошондой эле 545 адамдан турган элдик кошуундар түзүлдү.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here