Москва: Референдум жана Президенттик шайлоого даяр

0
713

10-январь Кыргыз республикасынын башкаруу формасын тандоо элдик рефендуму жана Кыргыз Республикасынын президентинин шайлоо күнү. Шайлоодон четте калбай Россия федерациясында эмгектенип иштеп, окуп жүргөн мекендештерибиз да катышат. Ал үчүн Кргыз Республикасынын Россиядагы элчилиги тарабынан Россия федерациясында жалпы 15 шайлоо участкаларын түзгөн. Алардын бешөөсү Москва шаарындагы Кыргызстандын элчилигинин имаратында уюштурулган.Бул тууралуу Кыргызстандын россиядагы элчилигинин маалымат катчысы Алмаш Алтымышова билдирди.

Россияда шайлоо тизмесине 31 638 жаран катталган, анын 17 891 жаран Москва шаарындагы шайлоочулар тизмесинде. Эртеңки шайлоонун жүрүшүндө коомдук тартипти жана тизме аныктоо үчүн атайын ыктыярчылар да тартылган.

10-январь шайлоого тизмеден өткөн жарандар жашаган аймагындагы убакыт менен эрте мененки саат 8:00дөн кечки 20:00гө чейин келип добуш берип кетсе болот.

Нуржамал Таабалдиева Исабек Максутов салам медиа Москва шаары.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here