Үйдүн ичиндеги акчаны сейфи менен кошо уурдаганга шектелип үч жаран кармалды

0
1839

Кадамжайдын Кара-Дөбө айылында 37жаштагы тургундун үйүнөн 30миң АКШ долларын жана 1 млн 200 миң сомун сейфи менен кошо уурдап кеткен үч жаран кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Дамира Юсупова билдирди.

Маалыматка ылайык, ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектелип ошол эле айылдын 46-23-19 жаштагыт  ургундары  аныкталып, кармалган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө уурдалган акчанын бир бөлүгү иштетилип кеткендиги аныкталды.

Учурда, кылмышка шектүүлөр убактылуу кармоо жайына киргизилген.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here