Төө-Ашуудагы өрттөн күйүк алган экинчи милиция кызматкери каза болду

0
732

Кечээ, 5-ноябрь күнү Төө-Ашуудагы өрттө күйүк алган Кызыл-Кыя ШИИБдин 30 жаштагы кызматкери Орозмат Акуналиев алган жараатынан улам көз жумду. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, учурда маркум Орозмат Акуналиевдин сөөгү Бишкек шаарынан алынып келүүдө. Маркумду жерге берүү иш чарасы эртең 7-ноябрда өтөт. 

Орозмамат Акуналиев 1993-жылы 12-мартта Ош облусунун Ноокат районунун Кулатов айылында төрөлгөн. 2021-жылдан бери Кызыл-Кыя ШИИБдин тергөө кызматынын улук тергөөчүсү болуп эмгектенип келген. Анын артында эки уул, бир кызы калды.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here