Казакстанда Тараз шаарында өткөн Динмухамед Кунаевдин жаркын элесине арналган Эл аралык мелдеште кыргызстандык Алмазбек Сманбеков жана Алибек Осмоновдор алтын медалга ээ болушту.
Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, Алмаз Сманбеков 57 кг чейинки салмакта катышкандардын арасынан жеңишке жетсе, Алибек Осмонов 70 кг чейинки салмакта финалдык беттеште казакстандын балбанды жеңип, алтын медалга ээ болду.