ССМ: Өлкөдө кызамык боюнча абал курч 

0
524

Бүгүн, 1-ноябрда Саламаттыкты сактоо министрлиги, Кыргызстанда кызамык боюнча  кырдаал оор бойдон калганын маалымдады.

Министрликтин маалыматында, жыл башынан бери 3 миң 289 адам кызамык оорусуна чалдыкса, алардын көбү 4 жашка чейинки балдар.  

Бишкекте 989 адам кызамыкка чалдыкса, Ош шаарында 321 адам, Ош облусунда 683 адам, Чүйдө 515 адам, Жалал-Абадда 501 адам жана Ысык-Көлдө  68, Баткенде 94, Таласта 92 жана Нарында 26 учур катталган.

Министрлик кызамыкка чалдыккандардын көпчүлүгү эмдөөдөн өтпөгөндөр экенин кошумчалады. 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here