Британиядан катталган COVIDдин жаңы түрү 41 өлкөгө жайылды

0
538

Британиянын борбору Лондон шаарында катталган коронавирус инфекциясынын жаңы жугуштуу түрү дүйнөнүн 41 өлкөсүнө жетти. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна (ДССУ) таянып, дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Британиянын премьер-министри Борис Жонсон 4-январда жаңы карантин чектөөлөрүн жарыялады. Февраль айынын орто ченине чейин улана турган эрежелерге ылайык, мектептер жана коллеждер жабык болот. Чач тарачтар, зарыл эмес буюм-тайымдарды саткан дүкөндөр ачылбайт. Ал эми ресторандардан тамакты өзү менен ала кетүүгө гана уруксат берилет.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here