Бишкек дүйнөдө абасы булгангандардын рейтингинде экинчиде

0
545

Бүгүн, 6-январда Бишкек шаарынын абасынын булганышынын деңгээли дүйнөлүк рейтингде экинчи орунда.

Бишкектеги АКШ элчилигинин абанын булганышын ченөөчү прибор коюлгандыгы маалымдалган. Ага ылайык Бишкек шаарынын абасынын булганышы деңгээлден бир аз төмөндөп, рейтинг боюнча Бишкек экинчи орунда турат.
«Экологиялык Чечимдер Институту» коомдук фонду борборго жана шаар четине орнотулган сенсорлор аркылуу картадан борбор калаанын ар кайсы аймактарындагы AQI орточо маанисин көрүүгө болот. Ал саат сайын жаңыланып турат.

Абанын сапатынын индекси (AQI) ден-соолукка кооптуу деңгээлдин жогорулашын көрсөткөн алты категорияга бөлүнөт. AQI 300дөн жогору болсо, ал абанын зыяндуу сапатын көрсөтөт, ал эми 50дөн төмөн болсо жакшы көрсөткүч экендигин билдирет.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here