Бүгүн 11-сентябрда таңкы саат 7:54тө Кыргызстан менен Өзбекстандын чектешкен аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.
Ага ылайык, жер титирөө Кадамжай районунун Кадамжай шаарында жана Пүлгөн айылында 3,5 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.