Кыргыз-тажик чек арасында акимдер жолугушту

0
1226

Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев баштаган топ Тажикстан менен чектеш Миң- Өрүк айылында Тажикстандын Исфара районунун төрагасы Баховадин Баходурзода жетектеген делегация менен жолугушту. Бул тууралуу райондук бийликтен билдиришти.

Жолугушууда чек ара, укуктук тартип, сугат суу, суу талаш көйгөйү жаралбашы үчүн алдын ала макулдашуулар зарылдыгы белгиленип, макулдашылбаган аймактарда эки тараптуу ькурулуш иштерин, түрдүү аракеттерди болтурбоо жана алдын алуу, ирригациялык,чарбалык жана күндөлүк жашоодо болуп жаткан маселелер туурасында сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. 

Ошондой эле эки тараптуу делегация чагымчылдык аракеттердин алдын алуу үчүн чараларды көрүү боюнча макулдашышты.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь