“Тынчтык Жүгүрүшү” Эл аралык факелдик эстафетасы Баткенде жыйынтыкталды

0
423

Бул тууралуу облустук бийликтин маалымат кызматы билдирди.

Кыргызстан, Казакстан жана Орусиянын  спорт сүйүүчүлөрү катышкан  «Тынчтык Жүгүрүшү» 8-сентябрда Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарына жетип келишкен, аларды облустун ар бир район шаарынын борборунда, район акимдери жана шаар мэрлери баш болгон жетекчилер, спорт күйөрмандары салтанаттуу тосуп алып, каалоо тилектерин айтып, узатып жатышты. 

Эл аралык достукту, элдердин биримдигин чыңдоого жана дүйнөдө тынчтыкты сактоого, сергек жашоого  шыктандырган факелдик эстафетанын алкагында, катышуучулар  жанып турган факелди көтөрүп, белгиленген аралыкты чуркап өтүштү. 

Уюштуруучулардын айтымында, эстафета  1987- жылы негизделип, дүйнөнүн 155 өлкөсүндө болуп келген. 

Бул жылы Дүйнөлүк «Тынчтык Жүгүрүшү» — 2023 Факелдик эстафетасы өлкөбүздүн Нарын , Жалал-Абад, Ош облустарынан өтүп,  Баткен облусунун Раззаков шаарынан 10-сентябрда салтанаттуу  жыйынтыкталды.  

Белгилей кетсек, эстафета 3-сентябрь күнү Нарын шаарынан салтанаттуу  старт алган.  Маршруттун Кыргыз жериндеги жалпы узундугу 882 кмди түздү. 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here